• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ысык-Көлдө «Кыргызстан-Азия—2021» V студенттер форуму болуп өттү (видео)

Билим 0


Бишкек, 19.09.21. /Уланбек Турдуканов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-18-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунда «Кыргызстан-Азия—2021» V студенттер форуму болуп өттү. Бул тууралуу иш-чаранын жүрүшүндө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, форум эл аралык академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн өткөрүлүп келүүдө.

«Бул форум алгач Алтай мамлекеттик университетинде, андан кийин Кыргызстандагы Кыргыз-Россия Славян университетинде, Душанбеде, андан соң кайра Алтайда өткөрүлгөн. Ал эми V студенттер форуму быйыл Кыргыз улуттук университетинин жоопкерчилиги астында өтүп жатат», - дейт ал.

Алтай мамлекеттик университетинин эл аралык ишмердүүлүк боюнча проректору Роман Райкин жакынкы келечекте биздин өлкөлөрдүн жана бүт дүйнөнүн келечегин аныктай тургандар - студенттер жана бүтүрүүчүлөр экендигин айтат. «Форумдун жардамы менен Азиянын алдыңкы университеттеринин бүтүрүүчүлөрү бири-бири менен достошуп, бири-бирин тааныган, ишеничтүү адистер бар экенине ынанып, биздин келечегибизди жакшы жакка өзгөртө алат», - деп кошумчалады ал.

Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Туратбек Сырдыбаев иш-чарага жалпысынан 25 жогорку окуу жайдын студенттери жана делегаттары катышып, 200дөн ашык доклад окулганын белгиледи. «Бул форум ушул менен токтоп калбай улантылат. Экинчи этабында кыргыз-орус окумуштуу, этнографтары биригип Кыргызстандын түндүгүнө экспедиция жүргүзөт. Этнографиялык экспедиция комлекстүү түрдө Кыргызстанда 70 жылдан бери өткөрүлө элек болчу», - дейт Сырдыбаев.

Нурсултан шаарындагы Евразия улуттук университетинин өкүлү Надира Куралбаева Ысык-Көлгө биринчи жолу келип, табиятына суктанып жатканын айтат. «Алыкул» буу кемесине түшүп көлдөгү кооздукту баштан аяк көрүп чыкканга мүмкүнчүлүк болду. Казакстандагы досторубуз, туугандарыбыз менен тынбай бөлүшүп жатабыз. Алардын баары таң калып, Ысык-Көлгө келебиз деп жатышат. Ысык-Көл келип көрчү жер экенине көзүбүз жетип отурат. Иш-чараны уюштуруп жаткан Кыргыз өлкөсүнө терең ыраазычылык билдиребиз», - дейт ал.

V студенттер форумунун алкагында илимий конференциялар жана практикалык иш-чаралар өткөрүлүп, студенттер арасында илимий тажрыйба алмашуу гана эмес, эл аралык достукту бекемдөө максатында ар кандай маданий иш-чаралар дагы уюштурулган.

Иш-чаранын соңунда, Алтай мамлекеттик университетинин эл аралык ишмердүүлүк боюнча проректору Райкин Роман Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыковго баа коюлган зачеттук китепчени тапшырды. Ошондой эле сый-тамак уюштурулуп, катышуучуларга сертификат жана белектер берилди.

Эскерте кетсек, форум Россия жана Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрликтери тарабынан, "Роскызматташык" федералдык агенттигинин колдоосу менен Азия университеттеринин ассоциациясынын эгидасы астында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий