• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улукбек Марипов токой тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 19.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов токой тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Токой кызматкеринин күнү менен куттуктады!

Төмөндө куттуктоонун текстти:

"Урматтуу токой тармагынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Токойлор жалпы улуттук байлык болуп саналат жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо, ошол эле учурда экологияны жакшыртууда маанилүү ролду ойнойт.

Токойлор биздин планетанын дем алуу органы катары кызмат кылаары жалпыга маалым. Биз жыл сайын токойлордун аянтын кеңейтип, жаратылыш коруктарында жана калктуу конуштарда отургузулган дарак көчөттөрүнүн түрүн көбөйтүшүбүз керек.

Токой экосистемасын сактоо ар бирибиздин парзыбыз жана маанилүү милдеттердин бири экендигин эстен чыгарбообуз керек. Биз кайталангыс табиятыбызды таза сактап, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.

Жогорудагыларды эске алуу менен токойлордун аянтын кеңейтүү жана токой ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн иштеген жана ага чындап кам көргөн адамдардын эмгегин белгилөө өзгөчө жагымдуу.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, билимиңиздер, иш тажрыйбаңыздар жана кесибиңиздерге берилгендик менен мамиле кылгандыгыңыздар токой ресурстарынын сакталышына жана анын аянтынын көбөйүшүнө оң таасирин тийгизет деп ишенем.

Жалпыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык, ишиңиздерге ийгилик жана майрамдык маанай каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий