Токон Мамытов Екатеринбургда РФ Мамдумасына шайлоого байкоо жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.09.21. /Кабар/. КР акыйкатчысы Токон Мамытов РФ адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькованын чакыруусу боюнча РФ Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын VIII чакырылышына депутаттарды шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууда (2021-жылдын 17-19-сентябры). Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал учурда Екатеринбург шаарында Россия жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына баам салууда.

Акыйкатчы Токон Мамытов менен биргеликте эл аралык байкоочу катары Ламин Дж. Саннех (Гамбия), Алессандро Сваб (Италия Республикасы), Джоанг Феликс Муки Молапо (Лесото), Тьерри Дим (Швейцарии) катышууда.

Мониторингде катышуудан сырткары, 17-сентябрда Токон Мамытов Свердлов облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова менен жолугушуп, ага Свердлов облусунда миграцияда жүргөн мекендештерибизге көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Акыйкатчы Токон Мамытов ошондой эле Свердлов облусунун Коомдук байкоо борборуна барып, ал жерде Свердлов облусунун Коомдук палатасынын төрагасы Александр Левин менен жолугушту. Ошондой эле, ал Россия адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Москалькова тарабынан уюштурулган “Жарандардын шалоо укуктарын камсыздоо: омбудсмендердин мыкты тажрыйбалары менен алмашуу” аталышындагы тегерек столдун ишине катышты.

Токон Мамытов жана аны коштоп жүргөн адамдар эксперт жана эл аралык байкоочу катары чакырылган.

Акыйкатчынын шайлоого байкоо жүргүзүүсү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий