• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Азия-Тынч океан аймагындагы жетектөөчү комитетинин төрагасы болду

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-26-сентябрында Кореянын Чежу шаарында Азия-Тынч океан аймагындагы маалыматтык супермагистралды өнүктүрүү (APIS) боюнча жетектөөчү комитеттин сегизинчи сессиясы өтүүдө.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиришкендей, форум 18 мүчөдөн турат, алардын арасында үч жылдык мөөнөтү бар ар кайсы өлкөлөрдүн санариптештирүү жаатындагы тиешелүү министрлери бар.

Кыргызстан БУУнун АТОЭСК алдындагы Азия-Тынч океан аймагындагы маалыматтык супермагистралды өнүктүрүү боюнча Жетектөөчү комитеттин төрагалыгына чакыруу алып, Кыргызстандын атынан иш-чарага санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева катышууда.
Бул өлкө үчүн маанилүү кадам болуп саналат, анткени ал биринчи жолу төрага макамында бул комитетке мүчө болот.

Кыргызстандын төрага катары катышуусунун артыкчылыктары төмөнкүлөрдү камтыйт:

– маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы алдыңкы билимдерге жана тажрыйбаларга жеткиликтүүлүк;
– БУУнун АТОЭСКке мүчө мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо;
– санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча стратегиялык демилгелерге катышуу;
– санариптик чөйрөдө Кыргызстандын эл аралык аброюн бекемдөө.

Маалымат үчүн: APIS – бул региондун санариптик демилгелерин илгерилетүүгө, санариптик теңсиздикти кыскартууга жана региондун туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган демилге.

Пикир

Оставить комментарий