• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Кыргызстан бүгүн “уктап жаткан сулуу” эмес, кыймылдаткыч күч

Аналитика 0

Кыргызстан эбегейсиз зор курулуш аянтына айланды. Бул тууралуу баары айтып да, жазып да жатышат. Жада калса Кыргызстандан таптакыр алыс, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш дагы жайында Кыргызстанга келгенде байкаптыр. Ал өз сөзүндө: “Сиз бул жагынан дүйнөдөгү алдыңкы өлкө болууну каалап жатканыңызды айттыңыз. Ал эми мен сиздердин өлкөдө мурда бир нече жолу болдум жана мындай динамизмди эч качан көргөн эмесмин. Кыргызстанды “уктап жаткан сулуу” деп айтчумун. Азыр мен Кыргызстан кыймылдаткыч күч экенине ишенем”, - деп баса белгилеген ал. Кантсе да бул образдуу салыштыруу өлкөнүн азыркы абалын так мүнөздөйт.

Ооба! Кыргызстан бардык тармактарда – экономикада, өндүрүштө, коомдук турмушта көп жылдар бою кыймылсыз абалдан чыгып жандана баштады. Эгемендүүлүктүн 30 жыл ичинде жасалбаган иштерди, учурдагы бийлик 3 жылда жасап койду.

Курулуштар - өзгөрүүлөрдүн көзгө көрүнгөн гана бөлүгү, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан системалык реформалардын натыйжасы. Бардык жерден бийик имараттардын курулуп жаткан корпустарын, жолдордо асфальт төшөлүп, ар кандай курулуш техникалары иштеп турганын көрүүгө болот. Борборго жакын гана эмес, алыскы региондордо да жайгашкан аймактар өнүгүп жатат. Аймактарды көтөрүү менен өкмөт ички миграцияны дагы токтотууга шарт түзүп жатат. Ал жерде учурда жергиликтүү калк үчүн бардык жашоо шарттары түзүлүп, башкача айтканда, бүткүл инфраструктура чоң шаарлардан кем эмес, кээде андан дагы жакшыраак болоору күтүлүүдө.

“Түштүк Кыргызстандын жүрөгү” деп аталган Ош облусу дагы интенсивдүү өнүгүүдө. Байыркы доордо Оштун аймагы аркылуу Улуу Жибек жолунда соода кербендери өтүп турган. Бул аймак байыркы маданиятка ээ жана ар дайым туристтердин кызыгуусун жаратып келет.

Оштон 130 чакырым алыстыкта Орто Азиядагы эң бийик чокулардын бири, бийиктиги 7134 метр болгон Ленин чокусу асман тиреп турат.

Ош шаарынан 60 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан Кара-Шоро улуттук паркы жыл сайын туристтерди ат минүү, кымыз менен дарылоо жана 12ге жакын минералдык шыпаа булактары менен күтөт.

Оштон анча алыс эмес жерде Караханиддер мамлекетинин байыркы борбору болгон Өзгөн шаары, Караханиддердин күмбөзү, мунарасы, мечити жана медресеси жайгашкан.

ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоо Ош шаарында жайгашкан. Тоого туристтер - байыркы петроглифтерди жана көрүү үчүн - зыяратчылар ыйык үңкүрлөргө сыйынуу үчүн келишет. 3000 жылдан ашкан Ош шаары аркылуу Индия менен Кытайдан Европага кеткен кербен жолу өткөн.

Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу акыркы үч жылда эң көп үйлөр жана социалдык объектилер Ош облусунда курулган. Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча бардыгы 1151 объект курулган. 2023-жылы эле Ош облусунда 61 жаңы өнөр жай ишканасы ачылган. Жалпысынан облуста 17 миллиард 276 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, 2022-жылга салыштырмалуу 2 миллиард 656 миллион сомго көп өндүрүлгөн.

Кара-Суу районунда 23 өнөр жай ишканасы, анын ичинде эң ири асфальт чыгаруучу завод жана сэндвич чыгаруучу цех ачылган. Өзгөн районунда дагы 14 өнөр жай ишканасы ачылган.

2023-жылдын жыйынтыгы менен гана Ош облусунда 6182 жаңы жумуш орундары түзүлдү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 1392ге көп.

Ош облусунун Ноокат районунда эң ири “Ноокат алмасы” муздаткыч кампасы иштеп жатат. Жаңы жабдыктар жергиликтүү алма менен малинаны төрт айга чейин сактоого шарт түзүп, анын сактоо мөөнөтүн узартып, базар шарты жакшырганда дыйкандарга түшүмүн кымбатыраак сатууга жол ачты. Кеңейтилген сактоо мүмкүнчүлүктөр рыноктун туруктуулугуна өбөлгө түзүп, жыл бою азык-түлүк менен калкты камсыз кылуу менен, продукцияны сыртка сатууга шарт түзүп берди. Жалпы сыйымдуулугу миң тоннаны түзгөн кампа азык-түлүк коопсуздугун бекемдеп, аймактын дыйкандарынын жашоо-турмушун жогорулатты. Комплекс 200 туруктуу жумуш орундарын түзүп, фермерлерге сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берүүдө.

2023-жылдын апрелинен тарта Ош облусунун Кара-Суу районунда “Байка Текстиль” фабрикасы иштеп жатат. Жаңы фабрика АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан берилген заманбап тигүү жабдуулары менен жабдылган. Баасы 100 миң долларга жакын турган жабдуулардын ичинде тигүү жана кесүүчү машиналар, ошондой эле футболка жана башка буюмдарды чыгаруу үчүн жогорку технологиялык жабдуулар бар. “Байка Текстиль” компаниясы жаңы имарат курууга жана кошумча жабдууларды алууга 330 миң доллардан ашык инвестиция салган.

30-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КР президенти Садыр Жапаровдун онлайн форматында катышуусунда «Алайкуу Органикс» ЖЧКсынын жаңы логистикалык борборунун, «Досмарко» ЖЧКсынын текстиль буюмдарын чыгаруучу ишканасынын ачылышы болду. «Алайку Органикс» жоопкерчилиги чектелген коомунун кургатылган мөмө-жемиштерди сактоочу жана иштетүүчү 50 тонналык логистикалык борборунда 15 адис жумуш кылат. “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында 1 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу менен курулган «Досмарко» ЖЧК текстиль буюмдарын чыгаруучу ишкана 150 жумуш орунга ылайыкташтырылган. Ишканада суткасына 8 миңге жакын өндүрүм чыгарылып, коңшу мамлекеттерге экспорттолот.

Өзгөн районунда айланма жол жана эки көпүрө курулуп жатат. Жаңы айланып өтүүчү жол кыймылдын интенсивдүүлүгүн жана тыгынды бир топ азайтат, ошондой эле жол коопсуздугун жакшыртат.

Быйыл Ош шаарында эле 1825 орундуу жалпы 4 мектеп бүтөт. Алар Жибек Жолу аймактык башкармалыгында 625 орундуу, Ирригатор көчөсүндө 275, Мээркан айылында 225, Терешкова жатак мектеби 700 орундуу.

Мында эки ай аралыгында базарлар шаар сыртына чыгарылары айтылып, соодаргерлерге кагаз жүзүндө эскертүүлөр берилди. Бул иштер шаар ичиндеги унаа тыгындары жоюу жана инфраструктураны жакшыртуу максатында жасалууда. Ош шаарында муниципалдык базардын курулушу жүрүп жатат.

Бүгүнкү күнү Ошто Бишкектен алынып барылган тролейбустар жүргүнчүлөрдү тейлей баштады. Жол акысы 10 сом, жүргүнчүлөрдүн капчыгына ылайыктуу.

Жогоруда саналгандардын бардыгы Ош облусунда жасалып жаткан бардык иштердин аз гана бөлүгү. Кичинекей макалада баарын камтуу мүмкүн эмес.

Мамлекетте жасалып жаткан иштердин бардыгы өлкөнүн болуп көрбөгөндөй темп менен өнүгүп жатканын айгинелейт. Ал эми Ош облусу Кыргызстандын нан себи, токчулуктун символу болгон мурдагы салтына кайтып келүүдө. Түшүмдүү Фергана өрөөнү дайыма пахтадан, тамекиден баштап жашылча-жемиштерге чейин мол түшүм алып келген.

Кыргызстан бүгүн “уктап жаткан сулуу” эмес, кыймылдаткыч күч.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий