• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"Кабар" МАБ: Пандемия учурундагы Кыргызстандагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү

Аналитика 0

Коронавирустун Кыргызстанга келиши өлкөдөгү жазгы талаа иштерине туура келди. Жазгы талаа иштери өз убагында жүргүзүлүп, толук кандуу аткарылышы учурдагы кырдаалды өлкө үчүн өзгөчө маанилүү экени айтпаса да түшүнүктүү.

Чүй облусунундагы ири фермердик чарбалардын биринин директору Василий Дударевдин айтымында, алар учурдагы кырдаалдын кыйын экенин, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздук маселеси алардын ишине байланыштуу экенин жакшы түшүнүшөт.

"Бул жылы көп пландарды түзүп жатабыз. Баарынан мурда кант кызылчасын өстүрүүгө көңүл буруудабыз. Албетте дан өсүмдүктөрүнө да маани берилет. Арпа жана буудайдын айдоо аянттарын кыскартууну пландаган жокпуз. Жаңы сезонго биздин техника даяр жана баарыбыз бирге бул кризистен чыгып кете алабыз деп үмүттөнөбүз. Бизде күйүүчү май жана сугат суусу менен маселе жаралбашы керектигин белгилеп кетүү керек. Талаадагы иштердин биринчи этабы аяктап калды. Жакында сугат иштери башталат. Өткөн жылдары бул маселе боюнча көп деле кыйынчылык болгон эмес. Бирок сугат жана дренаждык системалар эскиргенин айтып кетүү зарыл. Жакын арада баардык сугат арыктарын, каналдарын жана дренаждык системаларды реконструкциялоо жана реабилитациялоо иштерин баштоо керек", - деди ал.

21-апрель күнү премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы айдоо иштери жүрүп жаткан Чүй облусундагы Москва районуна барып, дыйкандар менен маектешти.

"Биз баарыбыз коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө биздин өлкө кандай кыйынчылыктарга туш болгонуна күбө болдук. Саламаттыкты сактоо системасынын дараметинин начардыгынан тышкары, азык-түлүк коопсуздугунун коркунучун сездик. Ошондуктан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин алгачкы күндөрүндө эле жазгы-талаа иштерин тиешелүү деңгээлде жана өз мөөнөтүндө жүргүзүүнү камсыз кылуу тапшырмасын койгом", - деди Абылгазиев.

Ал белгилегендей, келип чыккан бардык суроолор республикалык штабдын ишинин алкагында ыкчам тартипте чечилиши кажет. Ал эми дыйкандарда күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жабдуу техникаларды сатып алууда оорчулуктар болбошу керек.

"Өлкө өзүн өзү ири көлөмдө азык-түлүк менен камсыздаш керектиги бардыгыбыз үчүн айкын болду. Айыл чарбасында өзгөртүү жасоого убакыт келди. Айрыкча, бул импорттун ордун алмаштыруу саясатына тийиштүү. Бул биздин ишибиздеги башкы артыкчылыктардын бири болуп калуусу шарт. Дагы бир ирет белгилей кетким келет, өлкөдөгү абалга карабастан, дыйкандар жана фермерлер үчүн тоскоолдуктар болбошу керек. Жазгы-талаа иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү абзел. Калктын азык-түлүк менен камсыз болушу, мамлекетти чыңдоо жана анын азык-түлүк коопсуздугу сиздердин эмгектен мурда болуп көрбөгөндөй көз каранды. Биз топтолгон бүтүндөй тажрыйбаны, дараметибизди жана мүмкүндүктөрдү туура пайдаланууга тийишпиз", - деди ал.

Премьер-министр Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жазгы-талаа иштерин тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө керектүү шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Айыл чарба тармагындагы эксперт Юрий Куринскийдин пикири боюнча, бул жыл өлкөнүн айыл чарба тармагы үчүн маанилүү жылдардан болот.

"Коронавирус пандемиясынан улам көптөгөн өлкөлөр кыйынчылыкка туш болот жана туш болууда. Кыргызстан айыл чарбаны жакшылап карашы керек. Айыл чарба тармагына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүшү зарыл. Биздин азык-түлүк коопсуздугубуз ата мекендик дыйкандардын ишинен көз каранды", - дейт ал.

Кыргызстан убагында өзүнүн айыл чарба тармагы менен белгилүү болуп келген. Ага мисал келтирип кетүүгө да болот.

"Достук" колхозунун мурдагы башчысы Владимир Фоменконун айтымында, 70-жылдары "Достук" колхозу көп тармактуу ири чарба болгон.

"Чарба жүргүзүүнүн алдыңкы системаларын ишке киргизүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн. Колхоз өндүрүш объекттери менен камсыз болгон. 80-жылдары чарба кант кызылчасынын жана көп жылдык өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн өндүрүүгө өткөн. Мамлекеттик буйрутманы аткарып жатып, колхоздо иштегендер үрөндү өндүрүү жана кайра иштетүүдө алдыңкы технологияларды колдонуп, миллиондук кирешеге жетишкен жана расмий түрдө "миллионер колхоз" аталган", - дейт ал.

Айыл чарба маселеси боюнча президент айыл чарба министри Эркинбек Чодуев менен жолугушкан. Жолугушууда ал коронавирус инфекциясынын жайылуу жана анын макроэкономикалык кырдаалга таасирин тийгизүү шарттарында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоого өзгөчө көңүл бөлүнүшү керектигин билдирген.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык аймактарында жазгы талаа жумуштарын өз маалында жана үзгүлтүксүз өткөрүүнү камсыз кылуу зарылдыгына токтолгон. Ал өзгөчө абал киргизилген райондорго өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айткан.

Жээнбеков айыл чарба тармагында азыркы кырдаалга байланыштуу жаралып жаткан маселелерди чечиш үчүн ишке тартылган мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин өз ара комплекстүү кызматташуусун күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий