Кыргызстан баңгизаттарга каршы күрөшүүдө учкучсуз аппараттарды колдоно баштайт

Коом 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Вена шаарында (Австрия) Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясынын 67-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегментинин ишине катышуунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков өлкөлөрдүн кызматташтыгы эки тараптуу тартипте гана эмес, өзгөчө ЖККУнун, ШКУнун, БУУ БКБнын жана Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия региондук маалыматтык координациялык борборунун алкагында көп тараптуу кызматташуу форматында да динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

ИИМдин башчысы белгилегендей, учурда Россиянын каржылоосу менен БУУ БКБнын баңгизаттарга каршы күрөшүүдө жаңы технологияларды киргизүү боюнча долбоору ишке ашырылууда, анын бюджети 1,8 млн долларды түзөт.

Долбоордун аркасында Кыргызстан баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы турууда учкучсуз учуучу аппараттарды ийгиликтүү колдонгон аймактагы алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

Бул долбоорду ишке ашыруу учурунда ички иштер министрлиги Россия жана Белоруссиянын профилдик ведомстволору менен өз ара аракеттенүүдө жана кызматташтыкта учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча бир топ бай тажрыйбага ээ болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулашты.

Соңунда кыргыз-орус мамилелерин стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде мындан ары чыңдоого карата өз ара мамиле ырасталды.

Пикир

Оставить комментарий