• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө окуучуларды сүзүп качкан айдоочу кармалды – видео

Кырсык 0


Бишкек, 15.03.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Чүй облусунда окуучуларды сүзүп качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 13-мартта болжол менен саат 15:04тө Ысык-Ата районунун Люксембург айылында жайгашкан Ваккер атындагы орто мектебинин жанында болгон. Анда жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 4-класстын окуучуларын белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, из жашырган.

Облустук милициянын ыкчам аракетинин натыйжасында, кылмышка шектүү делип 24 жаштагы М.у А. кармалган. Шектүү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаасы айып короо жайына токтотулду.

Эске салсак, шектүү Чүй облусунун ЖКККБ кызматкерлери тарабынан 14-15-март күндөрү өткөрүлүп жаткан “Автоиздөө” аттуу рейддик иш-чаранын алкагында табылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий