Кыргыз – БАЭ өкмөт аралык комиссиясынын биринчи жыйыны Бишкекте өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Бишкекте экономикалык кызматташуу боюнча Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) өкмөт аралык комиссиясынын биринчи жыйыны өтүүдө.

Жыйын экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров жана БАЭ экономика министри Султан бин Саид Аль Мансуринин катышуусу менен өтүүдө.

Комиссиянын күн тартибине айыл-чарба тармагында кызматташуу, инвестиция тартуу, азык-түлүк коопсуздугу, маалымат технологиялары, ислам экономикасы, туризм, жарандык авиация, майда жана орто бизнести өнүктүрүү маселелери киргизилген.

Мындан тышкары, Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктарды, анын ичинде эт, бал, кургатылган жемиштер, бөтөлкөгө куюлган сууларды экспорттоо маселеси дагы каралууда.

Ал эми БАЭ кыргыз тарапка Ислам финансы рыногу, баалуу кагаздарды чыгаруу жана аларды колдонуу, халал-индустрия чөйрөсүн жакшыртууга жардам берери айтылды.

Пикир

Оставить комментарий