• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанга инвестиция тартуунун 5 негизги тармагын атады

Экономика 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын инвестицияны алдыга жылдыруу жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов ишкерлерге инвестиция салуу үчүн алгылыктуу багыттар – энергетика, айыл чарбасы, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы жана туризм тууралуу айтып берди.

КР президенти Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулугу менен жолугушуусунун жүрүшүндө Шыкмаматов Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берди.

Өз сөзүндө ал көрсөтүлгөн багыттар боюнча министрлик тарабынан саналып өткөн тармактардан 250 инвестициялык корутунду иштелип чыкканын, анын ичинен 50сү таркатылган материалдарда сунуш кылынганын баса белгиледи.

"Эгер сиздер кандайдыр бир долбоорго кызыккан болсоңуздар, бизге кайрылыңыздар. Эгер сиздерде инвестициялык долбоорлор болсо, чет өлкөлүк инвестиция тартууну кааласаңыздар биз сиздерди күтөбүз. Мүмкүн кимдир бирөө чет өлкөгө кетип, ал жакта бизнес ачууну көздөп жаткандыр, мен аларга биздин балдарыбыздын келечеги үчүн башка жерде эмес, Кыргызстанга инвестиция салыңыздар деп айтат элем", - деди ал.

Мындан тышкары, министр министрлик тарабынан орто мөөнөттүү келечекке Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча стратегия иштелип чыгарын белгиледи.

"Мындан улам айлана-чөйрөнү коргоо, аялдар жана жаштар ишкердүүлүгү көз карашынан алганда жашыл экономика маселелерин стратегияга киргизүү маанилүү деп эсептейм", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий