• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдар менен толук камсыз болгон жана тартыштык жок

Экономика 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдар менен толук камсыз болгон жана тартыштык жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Белгиленгендей, 2021-жылдын январь-июль айларында ири мунай сатуучулардын май куюучу жайларында КММнын баасынын динамикасы бензиндин жана дизелдик отундун чекене бааларынын тиешелүүлүгүнө жараша 50% га чейин жана 33% га чейин жогорулоо тенденциясын көрсөтөт. Бул Россиянын заводдорунда дүң сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу.

Учурда, монополияга каршы орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында КММнын бааларын сурамжылоо жүргүзүү, рыноктогу кырдаалды талдоо жана негизсиз өсүшкө жол бербөө боюнча сунуштарды берүү менен КММнын баасынын өсүшүн ооздуктоо боюнча иш алып барууда. Мунай сатуучулар тарабынан "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптары бузулган учурда, монополияга каршы орган Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт.

Мамагенттик 2021-жылдын 14-июлунда баанын өсүшүнө байланыштуу КММ базарындагы кырдаалды талкуулаган жыйын өткөрүлдү. Жолугушууга Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жана базардын ири субъектилеринин жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, баалардын көтөрүлүшү объективдүү экендигине карабастан, Мамагенттик бир катар талаптарды койду:

1) таза атаандаштык принцибин так сактоого;

2) бааларды кармоо инструментин колдонуу менен баалардын кескин өсүшүн болтурбоо жана КММнын керектүү запастарына камсыздоо, ошондой эле чыгымдарды оптималдаштырууга.

Белгилей кетсек, июль айына түзүлгөн келишимдерге ылайык, июнь айына салыштырмалуу Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун дүң сатуу баасы тоннасына 65 АКШ долларына чейин жогорулады.

Учурда республика КММ менен толук камсыз болгон жана тартыштык жок.

Ушул жылдын 13-июлуна карата ЕАЭБке мүчө-мамлекеттерде КММнын орточо салыштырма баалары (2021-жылдын 13-июлуна КР Улуттук банкынын курсу боюнча)

КММнын аталышы

Кыргызстан

Казакстан

Россия

Беларусь

Армения

Аи-92

52,9

35,8

53,0

63,6

77,1

Аи-95

55,9

41,8

58,4

67,0

78,8

Дт

48,0

41,8

57,3

67,0

75,4

Пикир

Оставить комментарий