• 86.5
  • 91.43
  • 0.87

Кыргызстан боюнча жыл аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилет — тизме

Коом 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 2023-жылдын аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, быйыл Кыргызстан боюнча жалпы 204 мектептин курулушу башталган.

"2023-жылдын аягына чейин бүткөрүлө турган 100 мектептин ичинен жңы окуу жылына карата 36сынын курулушу бүтүп, даяр болот", - деди ал.

2023-жылдын аягына чейин бүтө турган 100 мектеп:

Чүй облусу - 12 мектеп;
Баткен облусу - 10 мектеп;
Жалал-Абад облусу - 20 мектеп;
Ысык-Көл облусу - 12 мектеп;
Нарын облусу - 8 мектеп;
Ош облусу - 30 мектеп;
Талас облусу - 8 мектеп.

2023-жылдын 1-сентябрына 36 мектеп колдонууга берилет:

Чүй облусу - 7 мектеп;
Баткен облусу - 5 мектеп;
Жалал-Абад облусу - 11 мектеп;
Ысык-Көл облусу - 4 мектеп;
Нарын облусу - 2 мектеп;
Ош облусу - 5 мектеп;
Талас облусу - 2 мектеп.

Ал эми сентябрь айынан тартып жылдын аягына чейин калган 64 мектептин курулушу бүткөрүлөт. Алар:

Чүй облусу - 5 мектеп;
Баткен облусу - 5 мектеп;
Жалал-Абад облусу - 9 мектеп;
Ысык-Көл облусу - 8 мектеп;
Нарын облусу - 6 мектеп;
Ош облусу - 25 мектеп.

Орунбеков кошумчалагандай, бул Кыргызстан эгемендик алган жылдар аралыгындагы эң жогорку көрсөткүч. Салыштырып айта турган болсок:

2010-жылы 1 мектеп;
2011-жылы 4 мектеп;
2012-жылы 6 мектеп;
2013-жылы 29 мектеп;
2014-жылы 12 мектеп;
2015-жылы 45 мектеп;
2016-жылы 45 мектеп;
2017-жылы 35 мектеп;
2018-жылы 68 мектеп;
2019-жылы 31 мектеп;
2020-жылы 25 мектеп.

Пикир

Оставить комментарий