Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп ЖОЖго кабыл алуунун онлайн сервисин ишке киргизди

Билим 0

Бишкек,03.06.24. /Кабар/. Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун онлайн сервисин ишке киргизди. Бул тууралуу AVN компаниясы тарабынан уюштурулган "Натыйжалуу кызматташуу үчүн санариптик куралдар" аттуу IT форумунда билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Билим берүү министрлигинде санариптештирүүнүн алкагында үч негизги этабы ишке ашырылууда: билим берүүнүн мазмуну, мугалимдерге жардам көрсөтүү платформасы жана эң чоң бөлүгү – административдик процедураларды санариптештирүү.

"ABN компаниясы эң чоң бөлүгүн жүзөгө ашырып жатканын белгилеп кетким келет. Санариптештирүүнүн максаты жарандардын жашоосун жаңилдетүү, ыңгайлуу кылуу болуп саналат", - деди ал.

Министрдин орун басары Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун онлайн сервисин ишке киргизгенин белгиледи.

"Биз азыр зачеттук китепчелер жана башка документтерди санариптештирүү менен активдүү алектенип жатабыз. "Алтын Казык" билим берүү системасын трансформациялоо планы кабыл алынып, анда артыкчылыктуу 4 маанилүү милдет бар. Алардын бири санариптештирүү. Бул кадамдардын баары кызмат көрсөтүү системасын гана эмес, билим берүүнүн сапатын да жакшыртат деп ишенебиз", - деди билим берүү министринин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий