• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Кыргызстан Борбордук Азия регионундагы ишенимдүү гидроэнергетикалык күчтүү өнөктөшкө айланат

Экономика 0

Бишкек, 20.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстан Борбордук Азия регионундагы ишенимдүү гидроэнергетикалык күчтүү өнөктөшкө айланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү иштери жасалат.

"Биринчиден, күн, шамал, гидро энергетикалык потенциалды өнүктүрүп, мамлекеттик монополияны жоюп, инвесторлорго шарт түздүк. Экинчиден, Өзбекстан менен биригип темир жолду курууну баштаганыбыз, Казакстан жана Өзбекстан менен бирге Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга кызматташууга даяр болуп жатканыбыз Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы ынтымакка алып келген жакшы тенденциянын башаты болуп берет", - деди Адылбек Касымалиев.

Пикир

Оставить комментарий