• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан БУУдагы өз позициясын билдирген активдүү мамлекеттердин бири – Аликбек Жекшенкулов

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон 193 мамлекеттин ичинде Кыргызстан 33 жылдан бери абдан активдүү мамлекет катары элдин муктаждыгы, мамлекеттин коопсуздугу жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелерди көтөрүп келе жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде саясий илимдердин доктору Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Анын айтымында, эгемендик жылдар аралыгында Кыргызстан өзүнүн эркиндигин, эгемендүүлүгүн сактаган, өзүнүн жолун чапкан мамлекет катары БУУда өзүнүн татыктуу орду бар.

“Кыргызстан БУУда эң активдүү, таасирдүү кичинекей мамлекеттердин бири деп айтсак болот. Президент Садыр Жапаров БУУда чечкиндүү сүйлөп, келечек муундун алдындагы жоопкерчиликти башка мамлекеттин лидерлерине эскертип, дүйнөдө болуп жаткан процесстер боюнча маанилүү, таасирлүү сөздөрдү айтты. Тилекке каршы бүгүнкү күндө дүйнөдө коопсуздук, экономикадан баштап гуманитардык маселелерге чейин кыйынчылыктар абдан көп. Жылдан-жылга БУУ ар кандай резолюцияларды кабыл алып, аларды чечүү үчүн кадамдарды жасоодо.

БУУда ар бир тармак боюнча департаменттер бар, ошол департаменттер резолюция кабыл алынгандан кийин план түзүп, анан ага карата каражат издейт. Демөөрчү мамлекеттер каражат бөлүп, ошонун негизинде иш жүргүзүлөт. Мисалы, экология, суу, мөңгүлөр боюнча маселелер жалаң Кыргызстанга гана тиешелүү эмес, бүт дүйнө жүзүндө болжол менен тоолуу 50дөй мамлекет болсо ошолордун бардыгы бүгүнкү күндө кыйынчылыктарды сезип жатат. Себеби, дүйнөлүк деңгээлде климат өзгөрүп, мөңгүлөр ээрип, глобалдык жылуулук процесси жүрүүдө”, - дейт Жекшенкулов.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 24-сентябрда Американын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, турбуленттүү мезгилде бардык мамлекеттерди БУУнун негизги миссиясын – тынчтыкты камсыз кылуу жана учурдагы тобокелчиликтер менен коркунучтардын алдын алуу ишин улантууга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий