• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер. ТИМ элчилерге маалымат берди

Саясат 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинде чет өлкөлүк элчилер үчүн 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын артыкчылыктары боюнча брифинг өттү.

Ведомствонун маалыматына караганда, брифингдин жүрүшүндө кыргыз тарап өлкөнүн 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер катары көз карашы, ошондой эле Кыргызстан шайланса, эмнеге басым жасалаары тууралуу маалымат берилди.

Тактап айтканда, Кыргызстан Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосундагы ишенимди жана кызматташтыкты чыңдоого, тынчтыкты орнотуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, аялдардын ролун жогорулатууга, БУУнун тынчтыкты сактоо ишин бекемдөөгө, тоо күн тартибин илгерилетүүгө, көп тараптуу мамилелердин системасын натыйжалуулугун арттырууга жана куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууга ниеттенип жатканы белгиленди.

Кыргызстан глобалдык тынчтыкты жана коопсуздукту жактай тургандыгын ырастап, тынчтыкты сактоо, туруктуу өнүгүү жана азыркы глобалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча эл аралык күч-аракеттерге салым кошуу максатында 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өзүнүн талапкерлигин койгон. БУУга мүчө мамлекеттер 2026-жылдын июнь айында боло турган шайлоодо өлкөбүзгө ишеним артып, аны колдойт деген үмүтүн билдирди.

Брифингдин жүрүшүндө чет мамлекеттердин элчилери өздөрүнүн ой-пикир жана идеялары менен бөлүшүп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу маанилүү ролун белгилешти, ошондой эле Кыргызстанга 2026-жылдын июнь айында өтө турган шайлоодо ийгилик каалашты.

Шайлоо кампаниянын алкагында иинистрлик Кыргызстандын талапкерлигин илгерилетүү боюнча брифингдерди жана башка иш-чараларды өткөрүүнү улантат.

Пикир

Оставить комментарий