• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Түркиянын президенти Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 12.01.21 /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан кабарлашты.

«Бир тууган элдердин ортосундагы тыгыз достук мамилелерди жана кызматташтыкты бекемдөөгө мындан ары биргелешип иштөөгө даяр экендигимди билдирем», - деп айтылат куттуктоо текстинди.

Режеп Тайип Эрдоган өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин дагы бир ирет билдирип, кыргыз элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий