• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркиядагы кыргыз жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар боюнча министринин орун басары Ахмет Эрдем менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Түркиядагы кыргыз жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулады. Элчи Кыргызстандын жарандарынын, атап айтканда, жашап туруу укугунун мөөнөтү бүткөн же аны алуу үчүн документтерин убагында тапшырбаган, ошондой эле Түркияга кийн жумушка орношуу үчүн визасыз режимдин алкагында келген жарандардын иштөөгө уруксат документтерин алуу үчүн түздөн-түз Түркияда кайрылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Министрдин орун басары Эрдем пандемияга байланыштуу чет элдик жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына, алардын Түркия аймагында мыйзамдуу жашап туруусу боюнча колдоо көрсөтүлүп жатканын маалымдады жана түрк тарабы пандемия учурунда жашап туруу укугун алуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген чет өлкөлүк жарандарга аны кайрадан берүүнү баштаганын белгиледи. Ошондой эле, Эрдем Түркиянын Ички иштер министрлиги менен биргеликте кыргыз жарандардын иштөөгө уруксат документтерин алуу үчүн түздөн-түз Түркияда кайрылуу маселесин карап чыгууга даярдыгын билдирди.

Ошондой эле, тараптар мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эки мамлекеттин жарандарына Кыргызстанда дагы, Түркияда дагы пенсия жана жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүк берген Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу келишиминин ишке ашырылышын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий