• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бахрейндин “Мумталакат” фонду Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу даяр

Саясат 0

Бишкек, 23.06.22./Кабар/. Бахрейндин “Мумталакат” суверендүү байлык фонду Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу даяр. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин аталган фонддун башкы аткаруучу директору Халид Аль-Румаихи менен жолугушуусу учурунда белгилүу болду.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен иштерди уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды.

Министр Ж.Кулубаев маектешине Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, географиялык жайгашуусу, жаратылыш ресурстары, энергетика, айыл чарба, жер казынасын пайдалануу жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатында иштелип жаткан ири долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жаткан жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу боло турган артыкчылыктуу багыттар жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, экотуризмди өнүктүрүү, мейманкана бизнесин ачуу, ичүүчү сууну өндүрүү, айыл чарба өндүрүшүн жана эт азыктарын экспорттоо. Ошону менен бирге инвесторлордун ишин жеңилдетүү максатында КР президентинин алдында Улуттук инвестициялык агенттик түзүлгөндүгү баса белгиленди.

Араб инвестициялык фонддору менен өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү мисалдары катары Кыргызстандын Сауд өнүктүрүү фонду, Ислам өнүктүрүү банкы жана Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашырылып жаткан жолдорду салуу, мектептерди жана ооруканаларды куруу сыяктуу жана башка долбоорлор келтирилди.

Ж.Кулубаев ошондой эле Кыргызстандын Бахрейн менен түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө жана чыңдоого даяр экендигин баса белгилеп, буга чейин Бахрейндин тышкы иштер министри, премьер-министри жана башка жогорку кызмат адамдары менен болуп өткөн жолугушууларынын жыйынтыктары тууралуу айта кетти.

Өз кезегинде Х. Аль-Румаихи Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен мындан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды. Ошондой эле ал өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу ниетин билдирди.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мындан аркы байланыштарды улантууну макулдашышты.

Министр Жээнбек Кулубаев Бахрейндин суверендүү байлык фондунун өкүлдөрүн өлкөнүн инвестициялык потенциалы менен таанышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев үстүбүздөгү жылдын 21-22-июн күндөрү Бахрейн Падышалыгында расмий сапары менен болду.

Пикир

Оставить комментарий