• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алмаз Бейшеналиев Женевада Кантондук кеңешинин президенти менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси жана БУУнун жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы КРнын туруктуу өкүлү Кечээ, 12-октябрда Женевада Кантондук кеңешинин президенти Серж Даль Буско менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзунүн фейзбуктагы баракчасына жазды.

Жолугушууда КР өкүлү өлкөнүн алдында турган бир топ иштер менен тааныштырып, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, абанын булганышы менен күрөшүү, санариптештирүү, экономика жана туризмдин ар кандай тармактарында Кыргызстандын аймактары жана шаарлары менен кызматташууну сунуштап, Женева кантонунун жетекчилигин жана швейцариялык ишкерлерди конкреттүү багыттар боюнча байланыш түзүү максатында Кыргызстанга чакырды.

Өз кезегинде Даль Буско Кыргызстанды көрүү каалоосун билдирип, Кыргызстандын аймактагы демократиялык жетишкендиктерин жана өлкөдөгү билим берүүнүн жогорку деңгээлин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий