• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан БУУнун жол кыймылынын коопсуздугу программасына катышты

Коом 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жол кыймылынын коопсуздугу программасына катышты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, программанын башкы максаты жолдогу өлүмдөрдүн көрсөткүчүн 50%га кыскартуу болуп саналат. Аталган багытта иштер ушул жылы башталган жана 2025-жылга чейин уланат, андан кийин жыйынтыктар чыгарылат.

"Өлүмдүн көрсөткүчү жогору болгондуктан өлкөдөгү жол коопсуздугунун абалы курч бойдон калууда. Азыркы учурда бүткүл дүйнөдө унаанын ылдамдыгы саатына 30-50 чакырымга чейин түшүрүлүүдө, мисалга, балдар билим берүү мекемелеринде. Биз да шаардын инфратүзүмүн өзгөртүп, эки мектептин жанында ылдамдыкты азайтуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү чечтик", - деди ал.

Чынара Касмамбетова кошумчалагандай, бардык сунуштамалар программада жазылган.

Пикир

Оставить комментарий