• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан чек ара маселесин дипломатиялык жол менен гана чечет - Байсалов

Өкмөт 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Кыргызстан чек ара маселесин дипломатиялык жол менен гана чечет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов журналист Нурсейит Анаркуловдун "Накта подкасттагы" маегинде билдирген.

Анын айтымында, эки коңшу мамлекеттин ортосундагы чек ара маселесин эч кандай эл аралык уюмдар, эл аралык соттор чечип бербейт. Бул бир гана сүйлөшүүлөр жолу менен эки өлкө жетекчилеринин саясий эрки аркылуу чечиле турган маселе.

"Биз азыр чек ара маселесин дипломатиялык жол менен, элибиздин ынтымагы менен анан албетте, өлкө жетекчилеринин саясий эрки менен чечип жатабыз. Анткени, чек ара маселеси бир гана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши керек. Биздин кыргыз-өзбек чек ара маселебизди чечүүбүзгө чет өлкөлөр жакшы баа беришти. Канча мактоолор жана таң калуулар айтылып, жаңылыктар жазылды. Бул маселе президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жана УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилди. Эми биз кыргыз-тажик чек ара маселесин да ушундай эле дипломатиялык, тынчтык жол менен чечип жатабыз. Буга бизде өлкө башчыларынын саясий эрки бар жана маселе сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилет", – деп баса белгиледи Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий