• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Кыргызстан чет жакка 1 млрд доллардан ашык алтын сатты

Экономика 0

Бишкек, 12.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. 2024-жылдын январынан октябрь айына чейин Кыргызстандан 1 миллиард 64,4 миллион долларлык 13,8 тонна алтын экспорттолду.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан былтыр январь-октябрь айларына салыштырмалуу 950,4 кг алтынды көп экспорттогон. Өлкөлөр боюнча алтын төмөнкүдөй берилген:

• Улуу Британияга - 870,5 млн доллар 11 тонна;
• Кытайга - 129,4 млн доллар 1,8 тонна;
• Швейцарияга - 63,5 млн доллар 971,4 кг;
• БАЭге - 881,9 миң доллар 13,5 кг.

Эске сала кетсек, 2023-жылы Кыргызстан башка өлкөлөргө 1,2 миллиард долларга алтын саткан.

Пикир

Оставить комментарий