• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча экинчи орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 14.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча 2-орунду ээледи.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын worldnomadgames.kz расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстан мелдеште 65 медаль утту. Анын 19у алтын, 21и күмүш, 25и коло.

Оюндарда 1-орунга Казакстан чыкты. Аларда 112 медаль бар: 43 алтын, 32 күмүш, 37 коло.

Үчүнчү орунда Россия - 49 медаль, төртүнчүдө Өзбекстан - 34 медаль, бешинчи орунга 6 медаль менен Түркия жайгашты.

Андан кийинки саптарда Иран, Венгрия, Түркмөнстан, Румыния, Польша бар.

Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Казакстандын Астана шаарында 8-13-сентябрда өттү.

Пикир

Оставить комментарий