• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Иорданиянын командасын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Иорданиянын командасын жеңип алды. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Учурда кыргыз футболчулары окуу-машыгуу үчүн Катарда жүрүшөт. Машыктыруучу Александр Крестинин башында турган спортчулар БАЭ өтө турган Азия Кубогу - 2019 кызуу даярданып жатышкан кези.

Окуу-машыгуунун алкагында Иорданиянын футболчулары менен оюн уюштурулган.

Оюндун жүрүшүндө жалгыз голду атаандаштардын дарбазасына жарым коргоочу Турсунали Рустамов (86) киргизген.

Пикир

Оставить комментарий