Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Кыргызстан эң жогорку өсүштү көрсөтүп, инвестициянын көлөмү 310%га көбөйүп, 2,1 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Platforma.uz маалымдады.
2024-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнө тартылган инвестициянын көлөмү өзгөрүп, мамлекеттеринин ортосундагы олуттуу айырмачылыктарды көрсөткөнү маалымдалды.
Ага ылайык, Казакстан 15,7 млрд доллар тартты, бул өткөн жылга салыштырмалуу 88%га көп. Бул көрсөткүч Борбор Азиядагы инвестициянын жалпы көлөмүнүн 63% түзөт.
Өзбекстанда тескерисинче инвестициянын көлөмү 49%га азайып, 4 млрд долларды түздү.
Региондогу башка өлкөлөрдүн арасында:
- Азербайжан былтыркыдан 1% көп, 1,2 млрд доллар инвестиция тартты.
- Түркмөнстан 339 млн доллар тарткан.
- Грузия - 126 млн доллар.
- Армения – 67 млн доллар инвестиция тарткан.
Platforma.uz белгилегендей, мындай өзгөрүүлөр аймактагы өлкөлөрдүн инвестициялык жагымдуулугунун деңгээлинен кабар берет.
Мындан тышкары, Өзбекстанда кээде инвестициялык статистиканы ашыкча көрсөтүү же так эмес маалыматтарды берүү фактылары кездешип, бул реалдуу кырдаалды кабыл алууга таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленген.
Пикир
Оставить комментарий