• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстан ЕАЭБдин шарттарын толук аткарган жок деген маалымат чындыкка дал келбейт – Экономика министрлиги

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүү алкагындагы шарттарды толук аткарбагандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирет Экономика жана коммерция министрлиги.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстан 2014-жылы ЕАЭБге кошулуунун алкагында Евразия экономикалык биримдигинин тышкы чек арасындагы бардык өткөрмө пункттарын жайгаштыруу жана жабдуу жагынан алган бардык милдеттенмелерди аткарды. Азыркы учурда бардык 14 өткөрүү пункттары ЕАЭБдин бирдиктүү эрежелерине толук ылайык келет.

"Учурда бардык 14 өткөрүү пункту ЕАЭБдин бирдиктүү эрежелерине толук жооп берет. 2024-жылдын мартында модернизациялоодон өткөн акыркы өткөрмө пунктка баруунун жыйынтыктары боюнча, ЕЭКтин жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары "Кызыл-Бел" өткөрмө пункту ЕАЭБ талаптарына ылайык жайгаштырылганын жана материалдык-техникалык жактан жабдылганын тастыкташты", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу министрлик Кыргызстандын жарандарын жана коомдук уюмдарды ишенимдүү жана текшерилген маалыматтарды таратууну өтүнөт.

"Оптималдуу чечимдерди жана альтернативаларды илгерилетүү бирикмеси" ассоциациясынын башкармалыгынын жетекчиси Н.Мукаевдин Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурда республиканын алдында коюлга-н шарттарды аягына чейин аткара элек деп тараткан маалыматы чындыкка дал келбейт.

Пикир

Оставить комментарий