• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Көпчүлүк кырсыктар айдоочулардын жоопкерчиликсиздигинен келип чыгат – Исраилов

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башармалыгынын башчысы Азамат Исраилов жол кыймылынын катышуучуларына кайрылуу жасады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө кайрылуунун толук тести берилет.

«Урматтуу жол кыймылынын катышуучулары!

Туристтик мезгилдин башталышы менен республиканын жолдорундагы кырдаал курчуп, өзгөчө туристтик маршруттарда оор абал түзүлүп жатат. Ар бир жол кырсыгында адамдардын жана балдардын азап-кайгысы, кээде өлүмү болуп жатат. Кырсыктар көбүнчө жол кыймылынын катышуучуларынын, айрыкча айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилесинен келип чыгууда.

Негизги талаптарга көңүл бурбоо, айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактабагандыгы, кээде билбегендиги жол кырсыктарынын келип чыгышына алып келет.

Көбүнчө айдоочулар ылдамдыкты төмөндөтүү үчүн коюлган жол белгилеринин талаптарына, кескин бурулуштар жөнүндө эскертүүлөргө көңүл бурушпайт жана кооптуу маневрларды жасоодон баш тартышпайт. Айрым чектөөлөрдү этибарга албоо жана эрежелерди бузуу көп учурда транспорт каражатын башкарууну жоготуп, жол кырсыгына алып келет.

Көпчүлүк кырсыктар унаалардын айдоочуларынын ылдамдыкты сактабагандыгынан, келе жаткан тилкеге чыгып кетүүдөн, маневр эрежелеринен, кесилиштерден өтүү ырааттуулугун сактабагандыктан, ошондой эле мас абалында унаа башкаргандыктан болот. Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жолдорундагы олуттуу кырсыктар айдоочулардын озуу эрежелерин бузгандыгынын, белгиленген ылдамдыкты ашыра айдагандыктарынын жана мас абалында унаа айдагандарынын айкын мисалдары болуп турат.

Озуп бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кетүү - бул ылдамдыктын бир кыйла ашып кетиши менен байланышкан кооптуу жана тобокелдүү маневр, натыйжада транспорт каражаттарынын кагылышуусунан улам, таасир этүүчү күч күчөп, эң олуттуу кесепеттерге алып келет. Эрежелердин мындай бузулушу, адамдар каза болуп, ар кандай жаракаттарды алган жол кырсыктарынын негизги себептеринин бири болуп саналат.

Учурдагы пикирге карама-каршы, бир гана ЖКККББнын күчү менен жол-транспорт кырсыктары менен күрөшүү мүмкүн эмес. Жол-транспорт кырсыгынан жаракат алууга туруштук берүү - бул бүтүндөй коомдун, ошондой эле ар бир жол кыймылынын катышуучусунун милдети. Жол кыймылынын катышуучуларынын бири-бирине болгон сылыктыгы жана сабырдуулугу жол коопсуздугунун маанилүү шарты бойдон калууда, ошол эле учурда, ар бир айдоочу, ар бир жөө жүргүнчү так, жоопкерчиликтүү, өзүнүн өмүрүн жана ден соолугун коргоп, айланадагыларга кам көрүү менен жол коопсуздугун камсыз кылууга катышышы керек.

Бардык жол кыймылынын катышуучулары жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек. Айып пул же башка жазалоо коркунучу болгондуктан эмес, тартипке умтулушубуз керек, бул жагынан алганда ЖКККББ кызматкерлери катуу жана принципиалдуу болууну көздөп жатат.

Биринчи кезекте, жер бетиндеги негизги баалуулукту - адам өмүрүн баалашыбыз керек, ошондуктан бардык жагынан, анын ичинде жолдордо дагы адам өмүрүнө кам көрүү керек. Дагы бир жолу эскерте кетейин, Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо гана сиздердин коопсуздугуңуздардын кепилдиги боло алат! Жолдордо этият болуңуздар!

Урматтоом менен КР ИИМдин ЖКККББнын начальниги, милициянын полковниги Азамат Исраилов».

Пикир

Оставить комментарий