• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстан Германиянын "Интертек" тамак-аш лабораториясы менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев баштаган делегация Германиянын Бремен шаарындагы “Интертек” компаниясынын тамак-аш лабораториясында болушту.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришкендей, лабораториянын башчысы доктор Д.Хармс Интертек компаниясынын дүйнө жүзү боюнча кеңири лабораториялар тармагы бар экенин билдирди.

Иш сапардын алкагында Айыл чарба министрлигинин делегациясы лабораториянын ишмердүүлүгү менен кеңири таанышып, Кыргызстандын лабораториялары менен “Интертек” компаниясынын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, үстүбүздөгү жылдын ноябрында Германиянын Кыргызстан компаниясынын кызматкерлерине баруу келишими түзүлдү.

Ошондой эле, компания немис жабдууларын сатып алууда немис банктарынын каражаттарын пайдаланууну камтыган экспорттук каржылоону колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берди.

Маалымат үчүн: Аталган лаборатория 1997-жылы негизделген, ал балдын, бал азыктарынын, кофенин, чайдын, тамак-аш кошулмаларынын жана башкалардын анализи боюнча дүйнөдөгү эң атактуу лаборатория болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий