• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан Япония менен энергетика тармагында кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 09.09.24. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Японияга иш сапар менен барды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө ал Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министри Кен Саито менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар анда энергетика тармагында кызматташууну, биргелешип долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында Энергетика министрлиги менен Япониянын экономика, соода жана өнөр жай (энергетика) министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Документ эл аралык мыкты тажрыйбаларды жана алдыңкы технологияларды колдонуу менен жашыл энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган.

Тараптардын жолугушуусуна жана меморандумга кол коюу аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев, Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министри Кен Саито, Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев жана эки тараптын тийиштүү кызматкерлери катышты.

Буга чейин 2023-жылдын ноябрь айында президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын өлкө башчысы менен энергетика тармагында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан кийин Энергетика министрлигине эки өлкөнүн энергетика тармагындагы сүйлөшүүлөрүн ишке ашыруу тапшырмасын койгон болчу.

Пикир

Оставить комментарий