• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстан Япониядагы эл аралык көргөзмөгө катышты

Коом 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик көргөзмөлөрдүн бири – “Tourism EXPO Japan 2024” көргөзмөсүнө катышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Tokyo Big Sight эл аралык көргөзмө борборунда 26-29-сентябрь аралыгында болуп өттү.

JICA, КР Экономика жана коммерция министрлигинин Туризм департаментинин жана Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин колдоосунда Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан уюштурулган Кыргызстандын улуттук павильону көргөзмөгө келген адамдардын өзгөчө көңүлүн бурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын өкүлдөрү Япониянын туризм тармагындагы негизги уюмдары жана туркомпаниялары менен 120дан ашык бизнес жолугушууларды өткөрүштү.

Япониянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) президенти К.Эбина жана вице-президенти Ю. Хара, JICA уюмунун башкы директордун орун басары - Экономикалык өнүктүрүү департаментинин жеке секторду өнүктүрүү тобунун директору Дж.Саотомэ, ошондой эле Fuji Television Network, INC. өкүлдөрү менен жолугушуулардын жүрүшүндө туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды, анын ичинде япониялык туристтик агенттиктер үчүн таанышуу турларын уюштуруу жана япон телевидениеси үчүн Кыргызстан тууралуу репортаж даярдоо маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: Tourism EXPO Japan – туризм индустриясынын негизги катышуучуларын бириктирген ири туристтик иш-чаралардын бири.

2024-жылы көргөзмөгө 80 өлкөдөн 1384 компания жана уюм катышып, аталган иш-чарага келген адамдардын жалпы саны 182 900 түзгөн. Иш-чара Япониянын саякат жана туризм ассоциациясы, Япониянын туристтик агенттиктер ассоциациясы (JATA) жана Япониянын улуттук туристтик уюму (JNTO) тарабынан уюштурлган.

Пикир

Оставить комментарий