• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Оштон Жиддага Шарм-эль-Шейх аркылуу каттам ачылды

Коом 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 15-ноябрда Ош шаарынан Жидда шаарына Шарм-эль-Шейх аркылуу чартердик каттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайк, аба каттамдарын Nesma Airlines авиакомпаниясынын Airbus-320 учактары жумасына 3 жолу – шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү, аткара баштады.

Белгиленген багыт аркылуу Оштон Жиддага (Сауд Аравиясы) бара турган биринчи каттамда 169 жүргүнчү катталды.

Пикир

Оставить комментарий