• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кыргызстан ички муктаждыгы үчүн 400 тонна буудай сатып алат – Туратбек Идрисов

Экономика 0

Бишкек, 26.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Кыргызстандын ички муктаждыгы үчүн сырттан 350-400 миң тонна буудай алып келинет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идирисов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү дыйкандар 700 миң тонна буудай гана чогулта алышат. Ал эми калганын чет өлкөлөрдөн сатып келүү зарыл.

“Айыл чарба министрлигинин эсептөөсү боюнча, бизге 800 миң тонна буудай керектелет экен. Быйылкы түшүмдүүлүк боюнча жалпы 724 миң тонна буудай жыйналды. 700 миңдин 150-200 миң тоннасы кийинки жылга кайра үрөн катары кетет. Анын ичинен дагы 15-20%ы жем катары малга колдонулат. Эсептеп келгенде ички муктаждык үчүн 350-400 миң тонна буудай керектелет экен. Буудай ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келинет”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий