• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жыл аягына чейин Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү $9 млрд жетиши мүмкүн

Экономика 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Жыл аягына чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 9 млрд долларга жетүүсү мүмкүн. Бул тууралу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Биринчи радиого” маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай божомол Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөлөрүнөн улам пайда болууда.

“Кытайдан импорттолгон товарлардын жүгүртүүсүнүн көп бөлүгү көмүскөдө калууда. Жакынкы 2-3 жылда контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү менен алардан түшкөн кирешенин жыл сайын 100 млрд сомго көбөйүшү күтүлүүдө”, - деп кошумчалады Данияр Амангелдиев.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 7,5 млрд долларга жеткен, бул 2019-жылга салыштырмалуу 18%га көп. 2020-жылы ал эки эседен ашуун кыскарып, 2,9 млрд долларга чейин азайган.

Пикир

Оставить комментарий