Кыргызстан Индия тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүштү

Саясат 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Индия тараптын сунушу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Индиянын тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, президент Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдагы Индияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун этабы, ошондой эле эл аралык жана регионалдык мекемелердин биргелешкен кызматташуусу талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн достук мамилесин өнүктүрүүнүн зарылчылыгын баса белгилешти.

Министрлер эки тараптуу маанилүү маселелерде кызматташууну, байланышты бекем сактоо боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий