• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстан - Иран футболдук беттешинде күйөрмандар арасында миң калпак ойнотулат

Спорт 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан - Иран футболдук беттеши учурунда күйөрмандар арасында улуттук сыймыгынын жана бекемдигинин символу болгон 1000 даана уникалдуу ак калпак ойнотулат.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, Кыргызстан - Иран беттеши башталар алдында күйөрмандар үчүн кызыктуу программа тартууланып, көңүл ачуучу оюн-зооктор орун алат:

  • Балдардын жүзүн бекер боёо;
  • Ди-джейден шаңдуу музыка;
  • Балдар жана чоңдор үчүн интерактивдүү оюндар жана сынактар;
  • Даамдуу тамактар ​​жана бекер ысык чай.

"Бул биздин команданы колдоо үчүн гана эмес, укмуштуудай сыйлыктын ээси болуу мүмкүнчүлүгү! Үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен келип, "Ак шумкарлар" менен бирге тарыхтын бир бөлүгү болуңуз", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстан - Иран беттеши борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

Билеттер kassir.kg сайтында сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий