Кыргызстан – Малайзия беттеши. Биринчи тайм жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши өтүүдө.

Оюндун биринчи таймы 1-1 эсеби менен жыйынтыкталды.

Кыргызстан үчүн алгачкы голду 24-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов киргизди. Тилекке каршы 38-мүнөттө Кыргызстандын дарбазасына автогол кирип, эсеп теңелди.

Беттешке 15 миңге жакын күйөрман кыргыз футболчуларын сүрөөгө келишти.

Белгилей кетсек, аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өтүп жатат. Мында кыргыз спортчулары кызыл, малайзиялыктар сары түстөгү формада ойношууда.

Беттештин калыстар тобун иорданиялык калыс Адхам Мухаммад башкарып, башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам беришүүдө. Ал эми оюндун резервдик калысы ливандык Реда Али.

Пикир

Оставить комментарий