Кыргызстан – Малайзия беттеши. Бишкектин борборунда эки көчө жабылат

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын футбол боюнча курама командаларынын беттеши орун алат.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, алдыдагы беттешке байланыштуу борбор калаада саат 14:00дөн баштап иш-чара аяктаганга чейин унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдүн тилкелери жабылат:

- Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
- Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамдарды алдын ала пландаштырууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий