• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жогорку соттун пленумунун отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда Замирбек Базарбековдун төрагалыгы алдында Жогорку соттун пленумунун отуруму болуп өттү.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, күн тартибинде эки негизги маселе каралды:

— КР Жогорку сотунун соттук коллегияларынын төрагаларынын 2022-жылдагы соттук коллегиялардын иши жөнүндө маалыматтарын угуу;

— Соттук коллегияларынын иши жөнүндөгү КР Жогорку сотунун пленумунун токтомдорун кабыл алуу.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков белгилегендей, өткөн жылы судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин айлык маяналары көтөрүлүп, сотторду материалдык техникалык жактан камсыздоо, кызматтык үйлөрдү куруу иштери башталды. Ысык-Көл облусу менен Жалал-Абад облусунда “Адилет үйлөрүнүн” курулуштары аяктап, ачылуу алдында турат.

“Ошону менен катар, республика боюнча 312 судья ротацияланды, анын жыйынтыгында иштердин кароо мөөнөтү кыскарып, негизсиз создуктурулган иштердин саны азайды, ишти кароонун бирдиктүү практикасын калыптандырууга жакшы шарттар түзүлдү, мындан тышкары тааныш-билиш, тууганчылык мамилелердин таасири кескин кыскарды десек да болот.

Бирок, баса белгилеп кетчү жагдай иштердин жогорку инстанциядагы соттор тарабынан жокко чыгарылып кайрадан кароого төмөнкү инстанциядагы сотторго жиберүүнүн себебинен жалпы сот жараяны жылдап созулган фактылар дагы да токтой элек.

Жогорку соттун жана апелляциялык инстанциядагы соттордун соттук коллегиялары процесстик мыйзамдарда берилген ыйгарым укуктарыңыздарды толук кандуу ишке ашырбай, иштерди кайра кароого жүйөсүз жиберүүнү токтотуңуздар”, - деп белгиледи төрага.

Белгилей кетсек, жыйынга башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, юстиция министри Аяз Баетов, президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Исабек Султаналиев, Сот департаментинин директору Медербек Сатыев, “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесинин башкаруучусунун милдетин аткаруучу Рустамбек Шабыев, ошондой эле Жогорку соттун судьялары, ал эми жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары катышты.

Пикир

Оставить комментарий