Кыргызстан – Малайзия беттеши. Камчыбек Ташиев оюндун алдында футболчулар менен жолукту

Спорт 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Эртеңки Кыргызстан – Малайзия футбол боюнча улуттук курама командалардын беттешинин алдында бүгүн Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан курамасынын расмий машыгуусу өттү.

Машыгуунун старты алдында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалап өттү.

"Эртең баарыбызды абдан маанилүү оюн күтүп жатат. Сиздердин оюнуңуздар футбол сүйүүчүлөрүнө өлкөбүздөгү футболдун жаркын келечеги бар деген үмүтүн берет.

Азыр бардык өлкөнүн сиздерге көз салып турган кези. Андыктан, эртеңки оюнда жеңишке жетип, Азия Кубогунун жолдомосуна ээ болуп, дүйнө чемпионатынын кийинки раундунда өтөбүз деп үмүттөнөм", - деди Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий