• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чет өлкөлүк адистер кыргыз мушкерлерин даярдашат

Спорт 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Кыргыз күрөшүнүн машыктыруучуларынын жана мушкерлеринин деңгээлин көтөрүү максатында чет өлкөлүк адистер чакырылат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, агенттиктин директору Канат Аманкулов эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло жеңүүчүсү Кенжебек Өмүралиев жана Азия оюндарынын чемпиону Данияр Кобонов менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында алар өлкөдө грек-рим жана эркин күрөштөрү өнүктүрүү маселелерин, жогорку квалификациядагы мушкерлерди даярдоо жана машыктыруу процесстерин даярдоо системасын талкуулашкан.

Андан тышкары чет элдик адистерди чакыруу системасын киргизүү да сунушталган.

Аманкулов өз кезегинде, конокторду атамекендик спортту колдоп өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирип, баардык сунуштар агенттиктин адистери тарабынан каралаарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий