Кыргызстан – Малайзия беттеши. Коомдук коопсуздукту 2,6 миңден ашуун милиционер көзөмөлдөйт

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши учурунда коомдук коопсуздукту Бишкек гарнизонунун 2 миң 600дөн ашык кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 21:00дө башталат.

"Урматтуу футбол күйөрмандары, Бишкек шаардык милициясы сиздерди коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузбоого чакырат, стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө болбой тургандыгын эскертет”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, беттештен бир нече саат мурун Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери борбор калаанын бир катар көчөлөрүн өзгөчө көзөмөлгө алышат. Ага ылайык, оюндун алдында кинологдор стадиондо жана анын айланасында жарылуучу жана шектүү буюмдардын бар-жоктугун текшеришет.

Беттешке 15 миңден ашык күйөрман келери күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий