• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл 75 этникалык кыргыз КР ЖОЖдорунда акысыз окуй алышат

Коом 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларында чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, квота алуу үчүн сынакка Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары (этникалык кыргыздар) катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, "Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2023-жылдын 21-июлу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

1. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (паспорт жок болгон учурда) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине котормосу менен.

2. Билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулган тиркемелери менен.

3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

4. Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, дипломдор (бар болсо).

5. Медициналык күбөлүк 086-у.

6. ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө маалымкат.

Эскертүү: документтердин толук эмес пакетин камтыган арыздар автоматтык түрдө четке кагылат!

Техникалык текшерүү

Кабыл алуу аяктагандан кийин (2023-жылдын 21-июлу саат 23:59) бардык келип түшкөн арыздардын талаптарга ылайыктуулугу жана керектүү документтердин бар-жогу текшерилет.

Онлайн системага өз убагында ийгиликтүү катталып, программанын талаптарын сактоо менен керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноолоруна катышууга уруксат берилет.

Конкурстук тандоо

Сынактык тандоону өткөрүү үчүн курамына университеттердин, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген Тандоо комиссиясы түзүлөт.

Бакалавр программаларына конкурстук тандоо төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:

- компьютердик тестирлөө.

Болжолдуу компьютердик/бланктык тестирлөө жана аңгемелешүү 2023-жылдын 25-июлунан 26-июлуна чейин өткөрүлөт.

Онлайн системасында (student.edu.gov.kg) ийгиликтүү катталып, техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлердин жеке кабинетине сынактык тестирлөөнүн датасы жана убактысы тууралуу маалымат жөнөтүлөт.

Конкурстук программага катышуу боюнча суроолорго маалымкаттар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет.

Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жиберсе болот.

Пикир

Оставить комментарий