• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Казакстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу узартылды

Билим 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. 2023-2024-окуу жылына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктар арасындагы конкурстук тандоо узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Казакстан Кыргызстанлдын жарандарына бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча окуу үчүн 50 орун бөлгөн.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында “2023-2024-окуу жылына Казакстан Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, форманы толтуруп, керектүү документтерди 2023-жылдын 9-июлу саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Пикир

Оставить комментарий