Кыргызстан – Малайзия беттешинде калыстар тобун иорданиялык калыс башкарат

Спорт 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Кыргызстан – Малайзия беттешинде калыстар тобун иорданиялык калыс Адхам Мухаммад башкарат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам беришет. Ал эми оюндун резервдик калысы ливандык Реда Али.

Аталган турнир 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионаты жана 2027-жылы өтө турган Азия кубогуна тандоо турунун алкагында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши бүгүн Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Беттеш саат 21:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий