• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

“Каркыра” өткөрмө пункту эми күнү-түнү иштей баштайт

Президент 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен 2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргызменен жана Казакстандын өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо каралган.

Протоколдун максаты кыргыз-казак чек арасынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун иштөө режимин өзгөртүү болуп саналат.

Алсак, Протоколдо “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун иштөө режимин сутканын күндүзгү убактысынан күнү-түнү иштөөгө өзгөртүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий