• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстан менен Афганистан товар жүгүртүүнү көбөйтүү ниетинде

Экономика 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Өзбекстанда "Термез" эл аралык соода борборунун расмий ачылышынын алкагында Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен Айганистандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизийдин жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар тоо-кен, нефтини кайра иштетүү жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкуулашып, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн потенциалын жогорулатуу ниетин билдиришти.

Ошондой эле Афганистандын өнөр жай жана соода министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучунун Кыргызстанга боло турган сапары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий