• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан менен АКШнын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева АКШнын Кыргызстандаг элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Ведомстводон мааымдашкандай, жолугушууда билим берүүдөгү глобалдык өнөктөштүк, USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору, “Жаңы муундагы билим берүү” (Next Generation Education) долбоорунун жана башка билим берүү программаларынын алкагындагы мындан аркы кызматташтык талкууланды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан Сингапурдун Marshall Cavendish басмасынын 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплекстерине лицензия алганын, анын ичинде англис тилин окутуу боюнча 1-6-класстын окуу китептери бар экенин жана учурда бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулуп жаткандыгын айтты.

Элчи Лесли Вигери АКШ элчилиги акыркы 5 жылдан бери мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн “Жаңы муундагы билим берүү” (Next Generation Education) долбоору жана англис тили мугалимдери үчүн магистрдик программа аркылуу колдоп келгенин белгилеп, кесиптик өнүгүүнүн туруктуу ыкмасын киргизүү үчүн активдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Лесли Вигери биздин негизги максатыбыз Кыргыз Республикасында англис тилин өнүктүрүү жана жайылтуу деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий