• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда биринчи жолу балдардын эрте өнүгүүсү улуттук инструмент менен бааланат

Билим 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Мектепке чейинки билим берүүнүн эффективдүүлүгүн өлчөөчү “Келечек” деп аталган улуттук каражаттын концептуалдык негизи 6-июлда Бишкекте өткөн тегерек столдо талкууланды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын максаты - мектепке чейинки билим берүү программаларынын натыйжалуулугу боюнча маалыматтарды алуу үчүн балдардын эрте өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү.

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рыспаева, министрлик, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, баалоо боюнча адистер, Бишкектин райондук билим берүү борборлорунун жетекчилери жана бала бакча башчылары катышты.

Бул курал (БЭӨБ – баланын эрте өнүгүүсүн баалоо) баланын өнүгүүсүндөгү негизги аспектилерди ишенимдүү жана так белгилеп, тарбиячыга баланын өнүгүүсүнө жекече мамиле жасоого жана окутуу методдорун өркүндөтүүгө жардам бериши керек.

БЭӨБ – бул баланын эрте өнүгүүсүн беш негизги параметри боюнча баалоо анкетасы:

• Таанып билүү жана когнитивдик өнүгүү;

• Физикалык өнүгүү;

• Сабаттуулук (тил) жана коммуникация;

• Чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүү;

• Социалдык жана эмоциналдык көндүмдөр.

Пикир

Оставить комментарий