• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Туура бир айдан соң 1-класска электрондук каттоо аяктайт

Билим 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 30-июлуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 110 миң 81 бала кабыл алынды. Анын ичинен 2 миң 440 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 59% түзөт. Дагы 75 миң 965 бош орун бар.

Бишкек шаарында 79% орунга окуучулар катталды, Ош шаарында – 55%, Баткен облусунда – 64%, Жалал-Абад облусунда– 56%, Нарын облусунда – 66%, Ош облусунда – 52%, Талас облусунда – 64%, Чүй облусунда – 56%, Ысык-Көл облусунда – 57%.

  • Бишкек шаарында – 16 миң 376 бала (анын ичинен 681 бала жеңилдик менен) кабыл алынды.
  • Жалал-Абад облусунда – 20 миң 416 (анын 412си жеңилдик менен);
  • Чүй облусунда – 17 миң 173 (анын 347си жеңилдик менен);
  • Ош облусунда – 21 миң 70 (анын 313ү жеңилдик менен);
  • Ысык-Көл облусунда – 8 миң 531 (анын 111и жеңилдик менен);
  • Баткен облусунда – 10 миң 723 (анын 205и жеңилдик менен);
  • Талас облусунда – 4 миң 631 (анын 93ү жеңилдик менен);
  • Нарын облусунда – 4 миң 973 (анын 80и жеңилдик менен);
  • Ош шаарында – 6 миң 188 (анын 198и жеңилдик менен).

Эскерте кетсек, балдардын жалпы орто билим алууга бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, ошондой эле баланы 1-класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды кыскартуу максатында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан.

Мектепке электрондук каттоонун I этабы 2023-жылдын 10-апрелинен 26-июнуна чейин болсо, II этап 26-июндан 31-августка чейин жүргүзүлөт.

Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт - https://mektep.edu.gov.kg/

Пикир

Оставить комментарий